Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VI - чакырылышынын XXIII - сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 23/3
Көк-Жар айыл аймагынын “ Алтын-Тастар булагы”суу пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М. Монкоевдин жана эсепчиси Г. Сакенованын 2018-2019-жылы аткарылган иштеринин жана чогулткан салыктарынын маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат :
1. “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын жана мындан ары дагы иштери жакшыртылсын.
2. Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы“ суу пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 400,740 (төрт жүз миң жети жүз кырк ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. “ Алтын-Тастар булагы “ суу пайдалануучулар бирикмесинин таза сууга болгон мурунку элдик жыйында кабыл алынган тарифтери өзгөрүүсүз калтырылсын.
1. Үйгө суу киргизүү- 5000сом
2. Мончо жагуу- 500-сом
3. Тегирмен иштетүү-300-сом
4. Үйгө суу киргизилгенден кийин 100-сомдон түтүнгө төгүлсүн.
5. Уруксаты жок үйгө суу киргизип алгандарга-5000 миң сом айып салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкко алып, Нарын облусттук монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органы менен тарифтик бааларды макулдашып бекитип алуу жагы “Алтын-Тастар булагы“ суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М. Монкоевге милдеттендирилсин.
5. Каралган бюджеттин аткарылышына жана чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү жагы эсепчи Г. Сакеновага милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Кадыракунов |