Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VI - чакырылышынын XXIII - сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 23/5
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Көк-Жар айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жана кайтып келбей калгандардын жаркын элесине арналган мемориалдык комплексине аскер техникасын орнотуу жөнүндөгү көптон бери айтылып келе жаткан тургундардын сунушун карап жана талкуулап чыгып, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Көк-Жар айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата курман болгондордун жаркын элесине арналган мемориалдык комплекстин жанына аскердик техниканы ( танкты, БМП) эстелик катары орнотуу үчүн Улуу Ата Мекендик эстеликтин алдына 20 кв.м. жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Тѳрага | А.Кадыракунов |