Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VI - чакырылышынын XXIII - сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 23/6
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-2019-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-2019-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп жана 2020-жылга бюджетин бекитүү максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-2019-жылдагы аткарган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджетинин кирешелер болүгү жана чыгашалар болүгү 230960 ( эки жүз отуз миң тогуз жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Каралган бюджеттин аткарылышын максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси А. Айдакеевага милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Кадыракунов |