Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VI - чакырылышынын XXIII – сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 23/7
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат :
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жана көргөзүлгөн кызматтардын стандарты бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кѳк-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кѳк-Жар айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Кадыракунов |
| Кѳк-Жар айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын 2020- жылдын 7-февралындагы № 23/ 7 токтомуна №1-тиркеме |
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси
№ | Кызматтын аталышы | Кызматты стандартташтыру уга жооптуу орган | Муниципалдык кызматты аткаруучунун аталышы | Көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө кызматы |
Нарын облусу, Кочкор району, Кѳк-Жар АӨ, | ||||
1 | 1 июнь,8-март, 9- май, майыптар, карылар, энелер кундору жана жылда, аз камсыз уй-булоодогу, жетим, тоголок жетим балдарга жана карыларга жардам беруу; | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
2. | Аз камсыз жалгыз бой кары адамдарды зарыл азык тулук продуктусу жана даары дармек менен камсыздоо | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
3. | Аз камсыз үй-бүлөөдөгү ден-соолугунан мүнкүнчүлүгү чектелген адамдарды кышкы мезгилге көмүр менен камсыздоо | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
4. | Томолой жетимдерге материалдык жардам көрсөтүү | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
5. | Аз камсыз, коп балалуу уй-булоодогу балдарга, өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон балдарга (ДМЧА) жана жалан беш баасына окуган окучуларга ата-энесинин арызынын негизинде кезек тоо шарты менен жайкы эс алуу лагерине жолдомо менен камсыздоо. | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
6 | Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө сөөк койюуда отун жагынан жана башка жардамдарды берүү | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
7 | Ден-соолугунан мумкунчулугу чектелуу балдарга майыптар кунуно белектерди тапшыруу; | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
8 | Көп балалуу жалгыз бой энелерге кышкы мезгилге жыгач отун менен камсыздоо | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
9 | Жалгыз бой кары адамдарды, 16 жашка чейинки 5 баласы бар аз камсыз үй-бүлөөлөрдү жана жетим балдарды кышкы мезгилде көмүр менен камсыз кылуу; | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
10 | Спорттук беттештердин жана мектеп олимпиадаларынын катышуучуларынын транспорттук чыгымдарын каржылоо | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
11 | Тоголок жетим балдарга мектеп формасы менен камсыз кылуу; | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
12 | Баткен коогаланына катышкандарга жардам беруу | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
13 | Айыл чарба кунуно карата иш-чараларды уюштуруу | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
14 | Үй – бүлөнүн курамы жөнүндө тактама берүү. | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
15 | Чарбадагы малдын саны жана түрү жөнүндөгү тактама | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
16 | Гранттык түрдө келген каражаттарга, ишке ашкан долбоорлого жергиликтүү бюджеттин бош калган акча каражатынан өздүк салым катары которуу | Айыл окмотү | Айыл окмотү | Акысыз |
Төрагасы А.Кадыракунов
Катчысы А.Аалыбаева