Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VI - чакырылышынын XXIII – сессиясы
2020-жылдын 7-февралы № 23/8
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы бюджетинин аткарылышын, 2020-жылдын бюджетин жана 2021-2022-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Кененбаеванын докладын угуп жана талкуулап, финансы бөлүмүнүн сунушун карап сессия төмөндөгүлөрдү белгилейт. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-36- статьяларына ылайык Көк-Жар айылдык Кенештин сессиясы токтом кылат :
1. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 4355,8 миң сом, мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүсү кирешелер 1495,3 миң сом тендештирүүчү грант 2860,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга кирешелер бөлүгү.
№ | Кирешелердин түрү | План (миң сом менен) |
1 | Киреше салыгы | 688,0 |
2 | Ыктыярдуу салык | 57,0 |
3 | Бирдиктүү салык | 6,1 |
4 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 5,0 |
5 | Унаа салыгы | 202,0 |
6 | Жер салык (физжак) | 20,5 |
7 | Жер салык дыйкан чарба (юриджак) | 213,2 |
8 | Айыл чарба багытында эмес салык | 21,0 |
9 | Атайын каражат | 90,0 |
10 | Ижара ФПС | 41,4 |
12 | Жайыт акы | 151,1 |
Баары | 1495,3 | |
14 | Тендештирүүчү грант | 2860,5 |
| БААРЫ | 4355,8 |
|
| |
2020-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы киреше бөлүгүнүн башкы адиси А. Дуйшеналиевага, ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Кененбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Кененбаевага тапшырылсын.
4. Каралган бюджеттин аткарылышын, максаттуу чыгымдалышын камсыз кылуу жагы айылдык Кенештин экономика жана бюджеттик туруктуу комиссиясына , ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Кененбаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Кадыракунов |