Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII - чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 8- сессиясы
2020-жылдын 15-апрели № 8
Кыргыз Республикасында узартылган “Ɵзгɵчɵ кырдаал”, “Ɵзгɵчɵ абал” кырдаалына карата Жан – Булак айыл ɵкмɵтүндɵ даярдык кɵрүүгɵ жана спорт комплексинин айланасын ирээтке келтирүүгɵ каражат бɵлүү жɵнүндɵ
Жан-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Шеримбековдун “Ɵзгɵчɵ абал ” киргизилгендигине байланыштуу билдирүү билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана жарыш сɵзгɵ чыгып сүйлɵгɵн депутаттардын сунуш - пикирлерин карап Жан - Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Айыл ɵкмɵтүнүн жыл башына калган каражатынан 60,0 (алтымыш) мин сом бɵлүнүп, “Өзгɵчɵ кырдалга ” карата керектүү дары-дармек, шаймандар, атайын кийим-кечелер жана башкалар алынсын.
2. Спорт комплексинин айлана-чɵйрɵсүн башка заттардан тазалатуу, бактын дүмүрлɵрүн алдыруу, тегиздеп, түздɵɵ, таштандыларын чыгаруу үчүн 19,4(он тогуз мин торт жүз) мин сом бɵлүнсүн
3. Бул бɵлүнгɵн каражаттарга (баардыгы – 79,4 жетимиш тогуз мин торт жүз сомго) тиешелүү смета түзүү жана аны ɵз багыты менен пайдаланууну кɵзɵмɵлдɵɵ, айыл ɵкмɵтүнүн башкы бухгалтери Ж. Эсенкановага тапшырылсын.
Тѳрага | Т.Бекбоев |