Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 17 чакырылышынын кезексиз
5 сессиясы
2020-жылдын 15-июлу № 5/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы «Супа-Булак» бирикмесинин 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2,14-пунктчасына ылайык, айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы «Супа-Булак» бирикмесинин 2020-жылга бюджети 484 836 ( төрт жүз сексен төрт миң сегиз жүз отуз алты) сом менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу, тапшырылган иштердин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы «Супа-Булак» бирикмесинин жетекчиси М.Тентимишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстициядан каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн аппаратына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Ж.Иманкулов |