Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 17 чакырылышынын кезексиз
5 сессиясы
2020-жылдын 15-июлу № 5/2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2020-жылга калган калдык акча каражатына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2020-жылга калган калдык акча каражаты боюнча жалпы 3806,7 миң сом менен төмөндөгүдөй бекитилсин:
· Башкаруу аппаратына -3539,4 миң сом
· Маданият тармагына -16,8 миң сом
· Билим берүү тармагына -250,5 миң сом
Баары: 3806,7 миң сом
2. Атайын каражаттан 01.01.2020-жылга калган калдык акча каражаты боюнча 337,7 миң сом менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
· Бала бакчага -35,4 миң сом
· Башкаруу аппаратына -302,3
Баары: 337,7 миң сом
Жалпы 4144,4 миң сом
3. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстициядан каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн аппаратына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Ж.Иманкулов |