Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын кезексиз
5 сессиясы
2020-жылдын 15-июлу № 5/3
Кара-Суу айыл аймагынын «2020-2024-жылдарга карата аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-пунттарына ылайык, айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын «2020-2024-жылдарга карата аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы» тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Барыктабасовго тапшырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстициядан каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн аппаратына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Ж.Иманкулов |