Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2020-жылдын 11-июну № 3/4
Баш-Кайыңды айылынын тургуну Асанов Алтынбектин арызы жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы Баш-Кайыңды айылынын тургуну Асанов Алтынбектин арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Баш-Кайыңды айылынын күн батыш тарабындагы жолдун түштүк тарабынан автоунааларга май куюучу жай салууга 0,07га жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Тиешелүү документтер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак- жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Мааметовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Асеков |