Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 токтомуна) |
Электрондук колтамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаттарынын реестрлерин жана башка маалыматты түзүү, жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу органга берүү, ошондой эле мындай реестрлерден маалыматтарды берүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор берген электрондук колтамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаттарынын (мындан ары - квалификацияланган сертификаттар) реестрлерин жана башка маалыматты түзүү, жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу органга берүү, ошондой эле мындай реестрлерден маалыматтарды берүү жол-жобосун белгилейт.
2. Күбөлөндүрүүчү борборлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте аккредиттөөдөн өткөндөн кийин аккредиттелген болуп таанылат.
3. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор квалификацияланган сертификаттардын реестринде камтылган маалыматтын актуалдуулугун камсыз кылат.
4. Квалификацияланган сертификаттардын реестринде камтылган квалификацияланган сертификаттар жөнүндө маалыматты жоготпоо үчүн аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор анын резервдик көчүрмөсүн түзөт.
5. Квалификацияланган сертификаттардын реестрине киргизилген маалымат аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор иштеген мөөнөттүн бүт аралыгында, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында андан кыска убакыт аныкталбаса, сакталууга тийиш.
6. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор электрондук колтамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык квалификацияланган сертификаттардын реестринде камтылган маалыматты мыйзамсыз алуудан, жок кылуудан, модификациялоодон, бөгөт коюудан, башка мыйзамсыз иш-аракеттерден өзү иштеген мөөнөттүн бүт аралыгында коргоону камсыз кылат.
2. Квалификацияланган сертификаттардын реестрин түзүү жана анын түзүмү
7. Квалификацияланган сертификаттардын реестрин (мындан ары - реестр) түзүү аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор берген электрондук колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты жөнүндө маалыматты реестрге киргизүүнү билдирет.
8. Реестрди түзүү жана жүргүзүү ага санкциясыз жетүүнү болтурбаган шартта ишке ашырылат.
9. Реестр төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:
1) жеке жактарга берилген квалификацияланган сертификаттар;
2) юридикалык жактарга берилген квалификацияланган сертификаттар;
3) жарактуулук мөөнөтүн токтото туруу учурунда жеке жактарга берилген квалификацияланган сертификаттар;
4) жарактуулук мөөнөтүн токтото туруу учурунда юридикалык жактарга берилген квалификацияланган сертификаттар;
5) жеке жактарга берилген жокко чыгарылган квалификацияланган сертификаттар;
6) юридикалык жактарга берилген жокко чыгарылган квалификацияланган сертификаттар.
10. "Жеке жактарга берилген квалификацияланган сертификаттар" бөлүмү төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) квалификацияланган сертификаттын уникалдуу номерин;
2) анын жарактуулук мөөнөтү башталган жана аяктаган күнүн;
3) квалификацияланган сертификаттын ээсинин аты-жөнүн (эгер бар болсо), төрөлгөн күнүн жана жерин;
4) колтамганы текшерүү ачкычын;
5) колтамга ачкычын, колтамганы текшерүү ачкычын жана квалификацияланган сертификатты түзүү үчүн пайдаланылган электрондук колтамга каражатынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражатынын аталышын, ошондой эле аталган каражаттардын "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталган талаптарга шайкештигин ырастаган документтердин реквизиттерин;
6) квалификацияланган сертификатты, күбөлөндүрүүчү борбордун квалификацияланган сертификатынын номерин берген күбөлөндүрүүчү борбордун аталышын жана жайгашкан жерин жана күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө жөнүндө күбөлүгүнүн реквизиттерин;
7) квалификацияланган сертификатты пайдалануудагы чектөөлөрдү (чектөөлөр аныкталса);
8) квалификацияланган сертификаттын ээси жөнүндө башка маалыматтарды (арыз ээсинин талабы боюнча);
9) арыз ээсинин жеке жактын атынан иш жүргүзүү укугун ырастаган ишеним каттын же башка документтин негизги реквизиттерин (аталышы, номери жана берилген күнү).
11. "Юридикалык жактарга берилген квалификацияланган сертификаттар" бөлүмү төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) квалификацияланган сертификаттын уникалдуу номерин;
2) анын жарактуулук мөөнөтү башталган жана аяктаган күнүн;
3) юридикалык жактын аткаруучу органы - квалификацияланган сертификаттын ээсинин аталышын (фирмалык аталышын), каттоо номерин жана/же иш жүзүндө жайгашкан жерин;
4) колтамганы текшерүү ачкычын;
5) колтамга ачкычын, колтамганы текшерүү ачкычын жана квалификацияланган сертификатты түзүү үчүн пайдаланылган электрондук колтамга каражатынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражатынын аталышын, ошондой эле аталган каражаттардын "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталган талаптарга шайкештигин ырастаган документтердин реквизиттерин;
6) квалификацияланган сертификатты, күбөлөндүрүүчү борбордун квалификацияланган сертификатынын номерин берген күбөлөндүрүүчү борбордун аталышын жана жайгашкан жерин жана күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө жөнүндө күбөлүктүн реквизиттерин;
7) квалификацияланган сертификатты пайдалануудагы чектөөлөрдү (чектөөлөр аныкталса);
8) квалификацияланган сертификаттын ээси жөнүндө башка маалыматтарды (арыз ээсинин талабы боюнча);
9) арыз ээсинин юридикалык жактын атынан иш жүргүзүү укугун ырастаган ишеним каттын же уюштуруучу документтин негизги реквизиттерин (аталышын, номерин жана берилген күнүн).
12. "Жарактуулук мөөнөтүн токтото туруу учурунда жеке жактарга берилген квалификацияланган сертификаттар" бөлүмү төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды;
2) квалификацияланган сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн токтото туруу белгиленген күнүн;
3) квалификацияланган сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн токтото туруунун негизин.
13. "Жарактуулук мөөнөтүн токтото туруу учурунда юридикалык жактарга берилген квалификацияланган сертификаттар" бөлүмү төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды;
2) квалификацияланган сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн токтото туруу белгиленген күнүн;
3) квалификацияланган сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн токтото туруунун негизин.
14. "Жеке жактарга берилген жокко чыгарылган квалификацияланган сертификаттар" бөлүмү төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды;
2) квалификацияланган сертификат жокко чыгарылган күнүн;
3) квалификацияланган сертификатты жокко чыгаруунун негизин.
15. "Юридикалык жактарга берилген жокко чыгарылган квалификацияланган сертификаттар" бөлүмү төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды;
2) квалификацияланган сертификат жокко чыгарылган күнүн;
3) квалификацияланган сертификатты жокко чыгаруунун негизин.
3. Квалификацияланган сертификаттардын реестрин жүргүзүү
16. Реестрди жүргүзүү андагы камтылган маалыматтар өзгөртүлгөн, квалификацияланган сертификаттардын жарактуулугун токтото туруу же жокко чыгарылган учурларда маалыматты актуалдаштыруу болуп саналат.
17. Реестрде камтылган маалыматтарды актуалдаштырууну аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырат:
1) жеке жактын - квалификацияланган сертификаттын ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
2) юридикалык жактын - квалификацияланган сертификаттын ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу.
Реестрдеги маалыматтарды актуалдаштыргандан кийин аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор актуалдаштырган күндөн тартып 5 күндөн ашпаган мөөнөттө бул тууралуу квалификацияланган сертификаттын ээсине жазуу жүзүндө кабарлайт.
18. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор квалификацияланган сертификаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө маалыматтарды төмөнкүдөй учурларда 1 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө реестрге киргизет:
1) квалификацияланган сертификаттын ээси жазуу жүзүндө кайрылганда;
2) электрондук колтамга ачкычын компрометациялоо фактылары болгондо.
Реестрге токтото туруу жөнүндө маалымат киргизилген күндөн тартып квалификацияланган сертификаттын жарактуулук мөөнөтү токтотула турат деп эсептелет.
Квалификацияланган сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн токтото турууда аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор бул тууралуу квалификацияланган сертификаттын ээсине жазуу жүзүндө билдирет, ошондой эле квалификацияланган сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн токтото турууга себеп болгон жагдайларды жоюунун мөөнөтү тууралуу кабарлайт.
19. Квалификацияланган сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор төмөнкүдөй учурларда 1 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө реестрге киргизет:
1) сертификатта белгиленген жарактуулук мөөнөтү аяктаганда;
2) кагаз түрүндө же электрондук формада берилген колтамганы текшерүү ачкычынын сертификат ээсинин арызы боюнча;
3) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор функцияларын башка жактарга өткөрүп бербестен ишин токтоткон учурда;
4) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими чыккан учурда;
5) мыйзамда же аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун жана квалификацияланган сертификаттын ээсинин ортосундагы макулдашууда белгиленген башка учурларда.
Реестрге жокко чыгаруу жөнүндө маалымат киргизилген күндөн тартып квалификацияланган сертификат жокко чыгарылган болуп таанылат.
Квалификацияланган сертификатты жокко чыгарууда аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор бул тууралуу квалификацияланган сертификаттын ээсине жазуу жүзүндө билдирет.
4. Квалификацияланган сертификаттардын реестрлерин жана башка маалыматты ыйгарым укуктуу органга берүү
20. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор өз ишин токтоткон учурда:
1) ишин токтотконго чейин 30 күндөн кечиктирбей бул тууралуу электрондук колтамганы колдонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жазуу жүзүндө билдирет;
2) ыйгарым укуктуу органга реестрди өткөрүп берет;
3) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордо сактала турган квалификацияланган сертификаттардын ээлери жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга сактоого өткөрүп берет.
5. Квалификацияланган сертификаттардын реестринен маалыматтарды берүү
21. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор квалификацияланган сертификаттын ээсине аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордо сактала турган жана квалификацияланган сертификаттын ээсине тиешелүү реестрдеги маалыматка жетүүсүн камсыз кылат.
22. Реестр аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун Интернет тармагындагы расмий сайтында жайгаштырылат жана ага квалификацияланган сертификаттын ээси Интернет тармагына туташуу аркылуу жете алат.