Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 742 токтомуна) |
Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөө эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөөнү маалыматташтыруу, электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү электрондук башкаруу, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электр жана почта байланышы жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана тармактар аралык координациялоону ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырат.
2. Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөө Кыргыз Республикасындагы юридикалык жактар болуп саналган күбөлөндүрүүчү борборлорго (мындан ары - КБ) карата жүргүзүлөт.
3. Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
2. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор статусун алууга талапкер болгон күбөлөндүрүүчү борборлорго карата талаптар
4. КБ аккредиттөө төмөнкү талаптар аткарылган шартта ишке ашырылат:
1) КБ таза активдеринин баасы бир миллион сомдон кем эмес;
2) ушул КБ берген электрондук колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатында көрсөтүлгөн маалыматка карата ишеничинин натыйжасында үчүнчү жактарга келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартууга же мындай КБ жүргүзгөн сертификаттардын реестринде камтылган маалыматта бир жарым миллион сомдон кем эмес финансылык камсыздоонун болушу;
3) коопсуздукту камсыздоо жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы аныктаган талаптарга ылайык келүүсү ырасталган электрондук колтамга каражаттарынын жана КБ каражаттарынын болушу;
4) КБ штатында электрондук колтамгаларды текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын түзүү жана берүү ишин түздөн-түз жүргүзгөн, маалыматтык технологиялар же маалыматтык коопсуздук жаатында жогорку кесиптик билими бар, же электрондук колтамганы колдонуу маселелери боюнча кайра даярдоодон же квалификацияны жогорулатуудан өткөн жогорку же орто кесиптик билими бар экиден кем эмес кызматкердин болушу;
5) Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө ыйгарым укуктуу органга арыз берген юридикалык жактын (мындан ары - арыз ээси) ушул Эрежеге, ошондой эле электрондук башкаруу жана электрондук колтамга жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жана Кыргыз Республикасынын стандарттарына ылайык келишин баалоо максатында жүргүзүлөт.
КБ функциясын ишке ашырган мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге ушул пункттун 1 жана 2-пунктчасында белгиленген талаптар жайылтылбайт.
3. Күбөлөндүрүүчү борбор мамлекеттик аккредиттөө алуу үчүн бере турган өтүнмөнүн курамындагы документтердин комплекттүүлүгүнө жана мазмунуна карата талаптар
5. КБ аккредиттөө КБ ыйгарым укуктуу жагынын ыйгарым укуктуу органга берген арызынын негизинде жүргүзүлөт (ыйгарым укуктуу орган бекиткен арыздын формасы ыйгарым укуктуу органдын Интернет тармагындагы расмий сайтында жайгаштырылат).
5.1. Арызда төмөнкүдөй маалымат көрсөтүлөт:
- КБ (юридикалык жактын) уюштуруу-укуктук формасы жана аталышы;
- КБ (юридикалык жак) жайгашкан жери жана мамлекеттик каттоо номери;
- КБ (юридикалык жактын) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
6. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет (анын ичинде башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаттарын (мындан ары - квалификацияланган сертификат) даярдоо үчүн зарыл болгон):
1) ушул КБ берген электрондук колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатында көрсөтүлгөн маалыматка карата ишеничинин натыйжасында үчүнчү жактарга келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартууга же мындай КБ жүргүзгөн сертификаттардын реестринде камтылган маалыматта бир жарым миллион сомдон кем эмес финансылык камсыздоонун болушун ырастаган документ. Мындай документ катары: банктык кепилдик; кепилдик келишими эсептелет.
Жоопкерчилик тартууга финансылык камсыздоо бар экендигин ырастаган документ катары банктык кепилдикти берген учурда арыз ээси банктык кепилдик берген кредиттик уюмдун банктык ишин жүргүзүүгө берилген лицензиянын номерин көрсөтөт.
2) КБ таза активдеринин наркы бир миллион сомдон кем эместигин ырастаган бухгалтердик баланстан актуалдуу көчүрмө;
3) КБ колдонгон электрондук колтамга каражаттарынын жана КБ каражаттарынын коопсуздукту камсыздоо жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы аныктаган талаптарга ылайык келишин ырастаган коопсуздукту камсыздоо жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы берген документтер;
4) КБ менчик укугун ырастаган документтер, же ушул пункттун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн электрондук колтамга каражаттарын жана КБ каражаттарын колдонуунун башка мыйзамдуу негизи;
5) КБ штатында электрондук колтамгаларды текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын түзүү жана берүү ишин түздөн-түз жүргүзгөн, маалыматтык технологиялар же маалыматтык коопсуздук жаатында жогорку кесиптик билими бар, же электрондук колтамга колдонуу маселелери боюнча кайра даярдоодон же квалификациясын жогорулатуудан өткөн жогорку же орто кесиптик билими бар экиден кем эмес кызматкердин бар экендигин ырастаган документтер:
эмгек келишимдеринин көчүрмөлөрү (бекитилген кызматтык нускамалары тиркелет);
маалыматтык технологиялар же маалыматтык коопсуздук жаатында жогорку кесиптик билими жөнүндө документтердин (бекитилген мамлекеттик үлгүдөгү дипломдун) көчүрмөлөрү же электрондук колтамганы колдонуу маселелери боюнча кайра даярдоодон же квалификациясын жогорулатуудан өткөндүгү жөнүндө документтердин (бекитилген үлгүдөгү күбөлүктүн) көчүрмөлөрү;
КБ коопсуздук администраторунун сертификаттарынын көчүрмөлөрү;
6) пайдаланылган криптографиялык кайра өзгөртүү алгоритмдери жөнүндө маалыматтар жана электрондук колтамга түзүү процессин ишке ашыруу боюнча башка баштапкы маалыматтар (негизги талаптар) жана арыз ээси бекиткен өз алдынча параметрлерине жана күбөлөндүрүүчү борборго карата талаптары менен күбөлөндүрүүчү борбордун модулдарынын (компонент) өз ара аракеттенүү схемасы жана электрондук колтамга схемалары;
7) төмөнкүлөрдү регламенттеген КБ ички актылары менен бекитилген ченемдик-техникалык документтердин тизмеги:
- күбөлөндүрүүчү борбордун маалыматтык коопсуздугунун саясатын;
- күбөлөндүрүүчү борбордун ишинин регламентин же эрежелерин;
- каттоо күбөлүктөрүн пайдалануу саясатын;
- күбөлөндүрүүчү борбор жөнүндө жобону;
- коштоо, администрациялоо жумуштарына түздөн-түз катышкан, арыз ээсинин атынан иш жүргүзгөн кызматкерлердин иш-аракеттери жөнүндө нускаманы;
- штаттан тышкаркы, кризистик кырдаалда күбөлөндүрүүчү борбордун каттоо күбөлүктөрүнөн көчүрмө (мындан ары - жооптуу жактар);
- күбөлөндүрүүчү борбордун маалыматтык ресурстарын резервдик көчүрмөлөө жөнүндө нускаманы;
- күбөлөндүрүүчү борбордун программалык камсыздоосун же программалык-аппараттык комплексин орнотуу, ыңгайлаштыруу жана пайдалануу боюнча нускаманы;
- негизги документтерди түзүү, пайдалануу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу боюнча нускаманы;
8) КБ уюштуруучу документтери, же алардын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
9) чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик тилге котормосу (чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн);
10) аталган документтерди КБ атынан иш жүргүзүүгө жиберген КБ ыйгарым укуктуу жагынын укугун ырастоочу ишеним кат же башка документ.
7. КТ аккредиттөө жөнүндө арызды жана ага тиркелген документтерди КБ ыйгарым укуктуу кызмат адамы ыйгарым укуктуу органга электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ формасында жибере алат.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн арызды жана документтерди электрондук документ формасында Интернет тармагын пайдаланып берүүгө болот.
4. Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөөнүн административдик жол-жоболору
8. Ыйгарым укуктуу орган күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө же аккредиттөөдөн баш тартуу жөнүндө чечимди арызды жана ага тиркелген документтерди алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кабыл алат. Ыйгарым укуктуу орган арызды, ошондой эле КБ берген документтердин толуктугун, бүтүндүгүн жана мазмунун арыз кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде карайт.
9. Ыйгарым укуктуу орган КБ берген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын, анын ичинде коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу текшерет.
Ыйгарым укуктуу орган КБ берген маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө көмөктөшүүчү документтерди алуу үчүн суроо-талапты башка мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына ылайык жиберүүгө укуктуу.
10. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалардын маалымат базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарынын 9-главасында берилген талаптарга ылайык КБны тиешелүү текшерет жана аттестациялайт.
11. Арызды жана ага тиркелген документтерди, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан (зарылдыгына жараша) алынган документтерди карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу орган арыз каралып бүткөн учурдан тартып 5 күндөн ашпаган мөөнөттө КБга аккредиттөөнү берүү мүмкүндүгү/мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну тариздейт.
12. Аккредиттөөнү берүү мүмкүндүгү жөнүндө корутунду таризделген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган аккредиттөөнү берүү жөнүндө жана башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарын пайдалануу менен квалификацияланган сертификатты даярдоо тууралуу буйрук формасында чечимди кабыл алат.
13. Ыйгарым укуктуу орган аккредиттөө жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынган чечим жөнүндө КБга билдирет жана аккредиттөө тууралуу күбөлүктү жана аны менен бирге башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн квалификацияланган сертификатты берет.
14. Аккредиттөө жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү, эгер КБ арызында мындан дагы кыска убакыт көрсөтүлбөсө, 5 жылды түзөт.
15. Аккредиттөө жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы өзүнүн расмий сайтына төмөнкүдөй маалыматты жайгаштырат:
аккредиттелген КБ аталышын;
аккредиттелген КБ жайгашкан дарегин.
16. Башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн квалификацияланган сертификат жөнүндө буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тиешелүү маалыматты ыйгарым укуктуу орган берген жана жокко чыгарган квалификацияланган сертификаттардын реестрине киргизет.
17. Жетектөөчү органдардын аталышы, жайгашкан жери, курамы өзгөргөндө, аккредиттелген КБнын уюштуруучу документтерине өзгөртүүлөр киргизилген учурда, же аккредиттөө жөнүндө күбөлүк жоголгондо аккредиттелген КБ бул тууралуу 20 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө жана аккредиттөө жөнүндө күбөлүктү кайра тариздөө тууралуу арызды берүүгө милдеттүү.
18. Аккредиттөө жөнүндө жаңы күбөлүк аккредиттөө жөнүндө күбөлүктү кайра тариздөө тууралуу арыз жана ушул Эрежелердин 17-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтер тиркелип, ыйгарым укуктуу органга берилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде берилет.
5. Аккредиттөөнү берүүдөн баш тартууга негиздер
19. Аккредиттөө берүүдөн баш тартууга негиз болуп КБ берген документтерде маалыматтын анык эместиги, ошондой эле КБ ушул Эрежелерде аныкталган талаптарга ылайык келбестиги саналат.
20. КБ аккредиттөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу орган аккредиттөөдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүнү кагаз жүзүндөгү документ формасында КБга жиберет же тапшырат.
21. КБ аккредиттөөдөн баш тартууга негиз болгон себептерди жойгондон кийин аккредиттөө алууга жаңы арыз бере алат.
6. Аккредиттөөнү токтото туруу, токтотуу жана жокко чыгаруу үчүн негиздер
22. Аккредиттелген КБ электрондук колтамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Эрежелер белгилеген талаптарды сактабагандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган КБ аккредиттөөнүн күчүн токтото турууга милдеттүү.
23. Аккредиттелген КБ аталган талаптарды сактабагандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган белгиленген мөөнөттө бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйрукту мөөнөтүн көрсөтүү менен КБга берет жана ошол мөөнөткө аккредиттөөнүн күчүн токтото турат.
КБ аккредиттөөнүн күчү 45 күндөн ашпаган мөөнөткө токтотулушу мүмкүн.
24. КБ аккредиттөөнүн күчүн токтото турган учурда ыйгарым укуктуу орган бул тууралуу маалыматты Аккредиттөөсү токтотулган аккредиттелген КБ реестрине киргизет.
25. Аккредиттөөнүн күчүн токтото турууга негиз болгон бузууларды жойгон учурда КБ табылган бузуулар жоюлгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү, андан кийин ыйгарым укуктуу орган аккредиттөөнү кайра улантуу тууралуу чечимди кабыл алат.
26. Жазма буйрукта белгиленген мөөнөттө КБ бузууларды жойбогон учурда, ыйгарым укуктуу орган КБ аккредиттөөнү жокко чыгарат жана аккредиттөөнү жокко чыгаруу жөнүндө билдирмени себептерин көрсөтүп КБга жөнөтөт.
27. КБ аккредиттөөсү жокко чыгарылганда ыйгарым укуктуу орган аккредиттөөсү жокко чыгарылган Аккредиттелген КБ реестрине тиешелүү жазууну киргизет.
28. Аккредиттелген КБ өз ишин токтоткон учурда бул тууралуу ыйгарым укуктуу органга ишин токтоткон күнгө чейин бир ай мурун билдириши керек.
29. Талаптагыдай тартипте таризделген мындай арызды алган учурда ыйгарым укуктуу орган КБ ишин токтотуу жөнүндө маалымат алган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде иши токтотулган Аккредиттелген КБ тизмегине тиешелүү жазууну киргизет.
30. Аккредиттелген КБ электрондук колтамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Эрежелерде белгиленген талаптарды сактабагандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган КБ аккредиттөөнүн күчүн токтото турууга милдеттүү.
Аккредиттелген КБ аталган талаптарды сактабагандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган бузууларды жоюу тууралуу жазма буйрукту белгиленген мөөнөттө КБга берет.
7. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби
31. Пландык, пландан тышкаркы, контролдук текшерүүлөр жана кайра текшерүүлөр "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өткөрүлөт.