Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2019-жылдын 13-августу № 8/4
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөнованын аргасыз иштебей бош жүргөн күндөрү үчүн айлык акысын төлөп берүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Соттун чечиминин негизинде финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөнованын аргасыз иштебей бош жүргөн күндөрү үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом айлык акысы жана госпошлина үчүн 24 000 (Жыйырма төрт миң) сом акча каражаты бюджеттен төлөнүп берилсин.
2.Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөнованын аргасыз иштебей бош жүргөн күндөрү үчүн айлык акысын төлөп берүү үчүн 3111 статьясынан 2823 статьясына 224 000 (Эки жүз жыйырма төрт миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
3.Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөнованы мыйзамсыз чечим чыгарып бошотуп, бюджетке зыян келтиргендиги үчүн Г.Көбөновага төлөнгөн акча каражатын мурдагы айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыпов кайра ордун толуктап бюджетке төгүү боюнча сотко берилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы К.Асаналиевге тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Асаналиев |