Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2019-жылдын 13-августу № 8/5
Ат-Башы райондук салык башкармалыгын комералдык текшерүүсүнүн жыйынтыгын кароо жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл өкмөтүндөгү 261 гектар аныкталбаган жер аянты гипроземден, госрегистрдан, айылдык Кеңештин депутаттарынан жана айыл өкмөттүн тиешелүү адистеринен кошулуп комиссия түзүлүп такталсын.
2. Аныкталбаган 261 гектар жер такталып чыккандан кийин райондук салык башкармалыгын комералдык текшерүүсүнүн жыйынтыгы айылдык Кеңештин сессиясында каралсын.
3. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн салык инспектору Т.Байматованын жазган арызы боюнча жер адиси, туруктуу комиссия менен биргеликте Нурманбетов Кеңештин жерин жеринде барып тактап ченесин жана ашык жери болсо, ашык жерине пайдаланып жүргөн жылдарына жер салыгы жана соц.фонду төлөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы К.Асаналиевге тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Асаналиев |