Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2019-жылдын 11-сентябры № 9/1
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджетинин керектүү чыгымдарга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ат-Башы районунун салык башкармалыгынын комералдык текшерүүсүнүн негизинде 167 966 (жүз алтымыш жети мин тогуз жүз алтымыш алты) сом акча каражаты пайдаланылбай жүргөн жерлердин салыгы үчүн айыл өкмөтүнүн эсебинен Ат-Башы райондук салык башкармалыгына которууга бөлүнүп берилсин.
2.Бирлик-Булак балдар бакчасына ремонт иштерин жүргүзүүгө 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Ак-Моюн айылынын борбордук көчөсүнө коюлган көчө чырактарынын РЭСтен уруксат кагаздарын алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Асаналиев |