Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2019-жылдын 11-сентябры № 9/2
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жер маселери жана айыл өкмөтүнүн балансасында турган камаздарын ижарага берүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл аймагында 1992-1996-жылдары жергиликтүү тургундарга үлүш жерлер берилп кеткендигине байланыштуу жана Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн карамагында бош жер аянттары жок болгондугуна байланыштуу Ат-Башы райондук токой чарбасына жер аянты кесилип берилбесин.
2. ОсОО “Ояса Ресурсес Компани” фирмасына 2019-жылдын аягына чейин изилдөө ишин уланта берүүгө уруксат берилсин.
3. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн балансасындагы 2 (эки) камаз бир жылга 80 000 (сексен миң) сомдон ижарага берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы К.Асаналиевге тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Асаналиев |