Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын XVIII-кезексиз сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 27/1
Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылга кабыл алынган бюджетинин айрым беренелери менен бѳлүнгѳн каражаттарды башка беренеге жылдыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасында катталган “Таажывирус” инфекциясын калк арасында жайылтпай алдын алуу максатында КР Ѳкмѳтү тарабынан “Ѳзгѳчѳ кырдаал” режими жарыялангандыктан керектүү антисептикалык, коргоочу каражаттар жана техникаларды күйүүчү май менен камсыздоо жѳнүндѳ Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун маалыматын угуп, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылдагы кабыл алынган бюджетинен маданият үйүнѳ даталуу күндѳрдү ѳткѳрүүгѳ 22154100 беренеси боюнча бѳлүнгѳн 40000 сом жана 2019-жылдын кирешесинен ашкан суммадан спорттук турнир ѳткѳрүүгѳ бѳлүнгѳн акча каражатынан 60000 сом, жалпы 100000 сом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынын ѳзгѳчѳ кырдаалдарды алдын алууга 22154900 беренесине жылдырылсын;
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |