Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын XIХ-кезексиз сессиясы
2020-жылдын 10-апрели № 29/1
Убактылуу чектѳѳ киргизүү жѳнүндѳ
Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгѳн оперативдик штабдын отурумунун 9-апрель 2020-жылдагы №22 протоколун жетекчиликке алуу менен, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Учурдагы ѳлкѳбүздѳ болуп жаткан кырдаалга байланыштуу, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгѳн “Таажывирус” илдетин алдын алуу боюнча түзүлгѳн оперативдик штабдын отурумунун 9-апрель 2020-жылдагы №22 протоколун жетекчиликке алып жана айыл ѳкмѳтүнүн сунушун угуп, айылдагы спирт ичимдиктерин саткан дүкѳндѳргѳ сатууга убактылуу чектѳѳ киргизилсин;
2. Ѳлкѳдѳ кырдаал алынганга чейин айыл ѳкмѳтү менен дүкѳн ээсинин ортосунда спирт ичимдиктерин убактылуу сатууга чектѳѳ киргизүү боюнча келишимдер түзүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |