Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын XХ-кезексиз сессиясы
2020-жылдын 9-июну № 30/2
Жаны-Арык айыл аймагынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан эски мүрзөлөрдү толугу менен тарыхый мурас эстеликтердин курамына киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республиккасынын «Тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» 26-июль 1999-жылдагы №91 Мыйзамын жетекчиликке алып, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагынын түндүк-батыш тарабында, жаӊы курула турган Жалал-Абад-Кочкор-Балыкчы жолунун 135 -136 чакырымында жайгашкан Саяк элинин тарыхына өчпөс из калтырган инсандары илимпоз астроном Ырай Үркүнчү уулу, Жаманак баатыр Рай уулу жана Чомон баатыр Кудайменде уулу жана башка ошол жерде жайгашкан мүрзөлөр толугу менен тарыхый мурас эстеликтердин курамына кирсин;
2. Аталган мүрзөлөрдү, тез арада тарыхый мурастар курамына киргизүү жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына тапшырылсын;
3. Аталган мүрзөлөр топтомун жаӊы курула турган жол астына калтырбай бүтүндүгүн сактоо жагы жана жол өткөн бөлүгүн тосмо менен тосуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинен суралсын.
Төрага | К. Саралаев |