Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын XХ-кезексиз сессиясы
2020-жылдын 9-июну № 30/3
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн балансасындагы эскилиги жеткен кызматтык автоунааны айыл өкмөтүнүн балансасынан чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15-март 2002-жылдагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» №37 Мыйзамынын 10,11,12-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун 2-пунктунун 3-абзацын, Жаны-Арык айылдык кенешинин 30.01.2020-жылдагы №25/6 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын 31.01.2020-жылдагы №9 буйругу менен түзүлгөн комиссиянын «Транспортук каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө» №1 актысын (форма ОС-2), КР башкы мамлекеттик техникалык инспекциясынын Жумгал райондук бөлүмүнүн башчысынын катышуусу менен түзүлгөн «Транспорт каражаттарынын техникалык абалы жөнүндө» актысын жана Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин профсоюз уюмунун чогулушунун 20.01.2020-жылдагы №1 токтомун жетекчиликке алып, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны- Арык айыл өкмөтүнүн балансасындагы 2006-жылы өндүрүштөн чыккан, 1459 NA мамлекеттик номердеги «Нива» кызматтык автоунаасы эскилиги жетип, жараксыз абалга келип калгандыктан айыл өкмөтүнүн балансасынан чыгарылсын;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |