Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 46- сессиясы
2020-жылдын 16-июну № 46/1
Дөбөлү айыл аймагындагы жайыт маселелерин кароо жөнүндө
Жай айындагы алыскы жайыттарда жайгашкан малчылардын жайгашкан жерлерин жана барып-келүү байланыштарын жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дебөлү айыл аймагындагы ички жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Алыш айлындагы туура жайытында жайлаган топоздор жана ийри мүйүздү малдар алыскы жайыттарга жиберилсин.
2. Дөбөлү айыл аймагындагы сарайлардын айланасындагы жайытка тиешелүү жерлердин жер кыртышын сактоо боюнча жерлерди коруп алууга жана бак дарак тигүүгө уруксат берилсин.
3. Дөбөлү айыл аймагындагы алыскы "Айран-Суу", "Молдо-Башы" жайлоолоруна баруучу жолдордуу оңдоого жайыт комитеттинин бюджетинен 100000 сом каралсын.
4. Малчылардын жайында алыскы жайлоого багып келгендиги жана мал ээсинин өз калоосу менен бактырылгандыгы үчүн малчылардын эмгек акысы майда жандык кой-эчкинин башына айына 40 сом болуп бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага: | Уланбек уулу Ж |