Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 47- сессиясы
2020-жылдын 3-августу № 47/3
Дөбөлу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджеттик каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У.С.Алсейитовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. СОVID 19 пандемиясына карата балдар бакчалары 20-марттан бери иштебей тургандыгына байланыштуу 2020-жылдын бюджетинде бала бакчалардын тамак ашына каралган каражаттын үнөмдөлгөн суммасынан төмөндөгү статьяларга жылдырылып берилсин.
- «Ак там» участкасына таза суу тартуу иштерин баштоо үчүн жер кыртышынын техникалык экспертизасын жүргүзүп тиешелүү уруксаат кагаздарын даярдап берүүгө 15,0 миң сом;
- «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалына Дөбөлү айыл өкмөтүнө тиешелүү жер участокторун ченеп, жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүп,укук-күбөлөндүрүүчү документтерин алууга 40,0 миң сом;
- СОVID 19 оорусун алдын алуу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүүгө 35,0 миң сом.
3. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага: | Уланбек уулу Ж |