Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 47- сессиясы
2020-жылдын 3-августу № 47/4
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган каражатты пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин жыл башында калган каражатын пайдалануу боюнча, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 400,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма төмөндөгү статьяга жумшалсын.
-Дөбөлү клубунун имаратынын эшик терезелерин алмаштыруу жана жылуулук системасын орнотуу жумуштарына бөлүнүп келген дем берүүчү (үлүштүк) грантка өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
3.Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага: | Уланбек уулу Ж |