Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 48-сессиясы
2020-жылдын 17-сентябры № 48/1
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы жаңы салынган бала бакчанын атын өзгөртүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы жаңы салынган бала бакчанын атын өзгөртүү боюнча "Бала-Нур" бала бакчасынын жалпы жамаатынын 2020-жылдын 17-августтагы кайрылуусунун негизинде Дөбөлү айылдык кенеш токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы "Бала-Нур" бала бакчасынын жаңы имаратынын толук бүткөрүлүшүнө Кудайбергенов Сагынбек демөөрчүлүк кылып, Алыш айылынын келечегине кошкон салымы үчүн, апасынын атынан "Алтын апа" аты ыйгарылсын.
2. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы "Бала-Нур" бала бакчасынын аты"Алтын апа" бала бакчасы деп өзгөртүү киргизилсин.
З. Укук күбөлөндүрүүчү тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырышсын.
Төрага: | Уланбек уулу Ж |