Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 48-сессиясы
2020-жылдын 17-сентябры № 48/2
Дөбөлү айыл аймагында 2020-жылы климаттык шартка байланыштуу бышпай калган жана малга тоют катары чөпкө чабылып кеткен дан-эгиндерди аныктоо жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагында 2020-жылы жай айлары жаанчыл болуп, климатттык шартка байланыштуу талаалардагы чабылган эспарцет өсүмдүктөрү чирип, дан-эгин бышпай калган жана тоют катары чөпкө чабылып кеткендиктен Дөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагында быйыл 2020-жылы жазгы айдап себүүдө 225 га дан эгин катары себилген, мунун 90 га жер аянтын быйыл 2020-жылы климаттык шартка байланыштуу, чөптүн тартыштыгына карата дыйкандар малдарына тоют катары чабылып кеткендиктен, Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-сентябрындагы комиссиясынын № 1 актысы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б. Токталиевге милдеттендирилсин.
Төрага: | Уланбек уулу Ж |
АКТ№
17-сентябрь 2020-жыл Дөбөлү айылы
Биз, төмөндөгү акт жазып кол коючулар Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси - Б. Токталиев, комиссиянын төрагасы, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн экономист -статистиги - А. Абдыкадыров, комиссиянын төрагасынын орун басары, мүчөлөрү; Алыш айыл башчысы - Ж. Алымбаев, Кеңеш айыл башчысы - Ж. Курманов, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн мал доктуру - А. Токтогазиев, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аскер учет адиси - Т Асангариев, Жергиликтүү Кеңештин депутаты - А. Аракеев, Б. Курманов жана К. Жумашов болуп акт жаздык, себеби жазгы айдап себүүдө 225 га дан эгин катары себилген, мунун 90 га жер аянтын, быйыл 2020-жылы климаттык шартка байланыштуу, чөптүн тартыштыгына карата дыйкандар малдарына тоют катары чабышкандыгы чындык.
Акт жазып кол коючулар:
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай
боюнча адиси, комиссиянын төрагасы: Б. Токталиев
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн экономист-статис,
комиссиянын төраганын орун басары А. Абдыкадыров
Мүчөлөрү:
Алыш айыл башчысы Ж. Алымбаев
Кенеш айыл башчысы Ж. Курманов
Мал чарба адиси А. Токтоагазиев
Аскерди эсепке алуу столунун инсппектору Т. Асангарие
Жергиликтүү кенештин депутаты А. Аракеев
Жергиликтүү кенештин депутаты К. Жумашов