Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXV-сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 35/2
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу мекемелерге керектүү каражаттарды алуу үчүн акча каражат жылдырын берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо айылындагы жаны курулган Спорт комплекске пожарный щит, сигнализация орнотуу боюнча райондук экотехинспекциясынан келген каттын негизинде, C0VID-19 илдетине карата бала-бакчаларда обсервация болуп ачылгандыктан, окуу жылына карата ремонт иштерин жүргүзүүгө, Ш.Абдылдаев орто мектебинин трансформаторуна кетүүчү линияны жаныртууга, Арсы орто мектебине электро генератор алуу үчүн, Кара-Тоо айылындагы ФАПка ысык суу киргизүүгө, мектептердин окуу жылына даярдык көрүүгө, шайлоо участкаларын ремонт кылууга, конгуроо орнотууга, 9-май «Жениш күнүнө» карата Кара-Тоо айылындагы пушканыи айланасын сырдоого, баннер жасатууга, акча каражатын жылдырын берүү боюнча айыл окмотунун башкы эсепчиси А.Касымованын сунушун угуп, талкуулап, КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык- экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын негизинде Семиз-Бел айылдык Кенеши, тостом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо айылындагы спорт комплекске пожарный щит орнотууга Кочкор райондук ӨКМ бөлуму тарабынан түзүлгөн сметанын негизинде 21 ООО (жыйырма бир мин) сом, сигнализация орнотууга 50000 (элүу мин) сом, бала-бакчаларда обсервация ачылып иштегендиктен. жаны окуу жылына даярдоо үчүн ремонт иштерине 60 000 (алтымыш мин) сом. Ш.Абдылдаев орто мектебинин трансформаторуна кетүүчү линияны жаныртууга 25 000 (жыйырма беш мин) сом, Арсы орто мектебине электро генератор сатып беруу үчүн 20 000 (жыйырма мин) сом, Кара-Тоо айылындагы ФАПка ысык суу киргизүүгө 22000 (жыйырма эки мин) сом, мектеп директорлорунун кайрылууларынын негизинде санитайзер антисептик, термометр алып берүүгө 27200 (жыйырма жети мин эки жүз) сом. № 4141 Кара-Тоо шайлоо участкасын актап сырдоого. шайлоо участкаларга конгуроо орнотууга 4000 (төрг мин) сом. 9-май Жениш күнүно карата Кара-Тоо айылындагы пушканын айланасын сырдоого, баннер жасатууга 10300 (он мин үч жүз) сом, жалпысы 239 500 (эки жүз отуз тогуз мин беш жүз) сом акча каражаты жылдырылып, которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Акишовго тапшырылсын.
Төрага: | Р.Базаркулов |