Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXV-сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 35/3
Арсы айылына бала бакча ачуу жана «Канымбүбү апанын» ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык Мырзабаева Канымбүбү Арсы башталгыч мектебинде 1960-жылдан 1984-жылга чейин 24-жыл боюу үзүрлүү эмгектенген. Мектептин көйгөйүн чечүү үчүн айылдын тургундары менен бирдикте ашар жолу менен эски мектептин имаратын курууда чоң салым кошкон. Арсы айылында көптөгөн балдар. кыздар татыктуу тарбия билим берип, биринчи мугалим болуп,билим берүүгө кошкон салымын белгилеп, Арсы айылындагы жаңы уюшулган бала бакчага Мырзабаева Канымбүбү апанын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Арсы айылынын 2020-жылдын 11-сентябрындагы өткөрүлгөн жалпы элдик чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:
1. Арсы айылында бала бакча түзүлсүн жана бала бакча «Канымбүбү ana атындагы бала бакчасы» мекемеси деп аталсын.
2. Бала бакчанын атын жазыпжатар номерин коюу иштерин жана бала бакчанын тиешелүү документтерин мыйзамга ылайык бүткөрүү бала бакчанын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Бала бакчанын тегерегин ирээтке келтирүү, корктондүрүү-жашылдандыруу иштерин уюштуруу, керектүү инвентарлар менен толуктап жаңылап берүү жагы Мырзабаева Канымбүбүнүн балдарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана Арсы айылынын башчысы Дүйшөналиев Уланга тапшырылсын.
Төрага: | Р.Базаркулов |