Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХХI сессиясы
2020-жылдын 20-февралы № 51/3
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата бош калган каражатын пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата бюджеттик счеттон бош калган 816,678 миң сом акча каражатын, атайын счеттон бош калган 32,636миң сом (аппарат 32136 сом ; бала-бакча 500 сом) акча каражатын чыгымдоо беренелерге бөлүштүрүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Табылдиевдин жана Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет-экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Сапарбек уулунун билдирүүсүн угуп Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары төмөндөгү чыгыштоо статьяларга бөлүнсүн.
Бюджеттик счеттогу каражат:
№ | Бөлүм | Чыгымдын аталышы | Статья ж/а элементи | Сумма миң сом |
1 | 70921- Мектеп | Электр энергия | 22311100 | 274.45 |
2 | 70491- Жайыт | Жолоңдоо | 31113320 | 90,0 |
3 | 70111- Аппарат | Ар кандай чыгым | 22154900 | 452.228 |
| баары |
|
| 816,678 |
Атайынсчеттогу каражат:
№ | Бөлүм | Чыгымдын аталышы | Статья ж/а элементи | Сумма миң сом |
1 | 70111 - Аппарат | Ар кандайчыгым | 22154900 | 32,136 |
2 | 70911- Бала-бакча | Тамак-аш | 22181100 | 0,5 |
| баары |
|
| 32,636 |
2. Жогорудагы бош калган акча каражаттары бөлүнгөн мекемелердин мекеме башчыларына, демилгелүү топтор менен биргеликте бөлүштүрүү тиркемесине ылайык, тийиштүү документтерин айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сатып алуу бөлүмүнө тапшыруу жагы милдеттендирилсин
3. Сатып алуу бөлүмү мамлекеттик сатып алуу порталына конкурс жарыялап, конкурстук комиссия сатып алуу мыйзамына ылайык жеңүүчүнү аныктасын.
4. Тийиштүү документтер бүткөндөн кийин айыл өкмөт башчысы түзгөн келишимге ылайык бош калган акча каражатын, көрсөтүлгөн статьядан которуу жагы айыл өкмөтүнүн окмот башчысы С. Табылдиевке милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Жумабеков |