Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХХV сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 55/1
Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгы менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүунүн тартиби жөнүндө” 2013-жылдын 9-июлундагы №127 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-3- бөлүктөрүнө ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгы менен Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгы тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча каржылоого керектелүүчү финансылыке каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынан которулган акча каражатынын жергиликтүү бюджетке которулуусуна көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.
Төрага: | К.Ж. Жумабеков |