Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХХV сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 55/2
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Табылдиевдин отчет тапшыруусу жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы К.Жумабековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Табылдиевдин 15.06.2020-жылы жылдык отчет тапшыруу боюнча сессия болоорун билип туруп кезектеги эмгек өргүүсүнө жөнөтүлгөндүгүнө байланыштуу, көйгөйлүү маселелер көп болуп жаткандыктан иштин зарылдыгына байланыштуу мыйзамга ылайык 14 (он төрт) жумушчу күндөн кийин жумуш ордуна чакыртылсын.
2. Айыл өкмөт башчысын кызматына чакыртуу боюнча токтомдун көчүрмөсүн жана Кара-Суу айылдык кеңешинин атынан билдирүү жөнөтүү жагы төрага К.Жумабековдон суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айылдык кенешинин укук сактоо, мыйзамдуулук, депуттатык этика, социалдык маселелер жана коомдук бирикмелер менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Жумабеков |