Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХХVI сессиясы
2020-жылдын 18-сентябры № 56/2
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Табылдиевдин отчет тапшыруусу жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы К.Жумабековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Табылдиев 18.09.2020-жылы 9 (тогуз) айлык отчет тапшыруу боюнча сессияда иш сапарында болгондугуна байланыштуу, көйгөйлүү маселелер көп болуп жаткандыктан иштин зарылдыгына карап 23.09.2020-жылы кезектеги 57-сессияга аткарган иштери боюнча 9 айлык отчету менен чакыртылсын.
2. Коомдук бирикмелер ( жайыт комитети, “Сарсеит” СПАсы, ИСКАКБ “Мантыш-Булак”,ИСКАКБ “Орток-Булак”, “Келечек Кара-Суу” муниципалдык ишканасы) 23.09.2020-жылы кезектеги 57-сессияга аткарылган иштери боюнча 9 айлык отчету менен чакыртылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айылдык кенешинин укук сактоо, мыйзамдуулук, депуттатык этика, социалдык маселелер жана коомдук бирикмелер менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Жумабеков |