Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХХVI сессиясы
2020-жылдын 18-сентябры № 56/4
Атайын техниканы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
АРИС долбоорунун жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу программасынын негизинде келген погрузчик тракторун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы К.Жумабековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. АРИС долбоорунун жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу программасынын негизинде келген погрузчик трактору Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагына өткөрүп берилсин.
2. АРИС долбоорунун жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу программасынын негизинде келген погрузчик тракторун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин карамагына өткөрүп берүү “Келечек Кара-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчисине жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3.ул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевге тапшырылсын.
Төрага: | К. Жумабеков |