Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезекүү III сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № III/I
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезекүү III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетти пландоо бюджеттик комиссиянын киргизген суроолорунан жана макулдашууларынан кийин кирешелер боюнча 8377,9 миң сомго жана чыгымдоо боюнча 8377,9 миңсомго бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
№ | Киреше түрү | Сумма |
1 | Теңдештирилген грант | 5225,5 |
2 | Өздүк киреше | 2642,4 |
3 | Мектепке чейинки мекемелерге кошумча кызмат корсотүү акысы-ата-энелер төлөөчү төлөм | 510,0 |
| Баардыгы : | 8377,9 |
2. 2020-жылга айыл өкмөтүнүн
№ | Чыгаша болүгү | Сумма |
1 | Башкаруу аппараты | 5587,9 |
2 | Айылдык жайыт бөлүмү | 336,2 |
3 | Айылдык китепкана бөлүмү | 227,2 |
4 | Айылдык маданият бөлүмү | 205,5 |
5 | Айылдык бала бакча бөлүмү | 671,4 |
6 | Айылдык мектеп бөлүмү | 839,7 |
7 | Айылдык бала бакча бөлүмү (атайын эсеп) | 510,0 |
| Баардыгы : | 8377,9 |
сегиз миллион үч жүз жетимиш жети миң тогуз жүз сом бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы №726 токтому менен бекитилген айыл өкмөт кызматкерлеринин 14,0 штаттык саны –эмгек акысы жана социалдык чегерүүсү менен 4040,9 миң сомго бекитилсин.
4. 2020-жылга айылдык Кеңештин бюджетинде турган жалпы бөлүмдөрдүн эмгек фондусуна 4452,4 миң сом бекитилсин.
5. Жайыт акыдан түшүүчү 336,2 миң сом жайыт пайдалануучулар бирикмесине толугу менен которулуп берилсин.
6. Мектепке чейинки мекемелерге кошумча кызмат көрсөтүү акысы-ата-энелер төлөөчү төлөм 2020-жылдан баштап ар бир балага 500,00 сомдон бекитилсин.
7. Бул акча каражаттар бекитилген сметага ылайык Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси” мыйзамынын негизинде чыгымдоо жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
Төрага: | А.Мурзалиев |