Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № III/III
Ача-Кайынды айыл аймагындагы Б.Курманакунов атындагы тренажордук залдын инвентарларын Ача-Кайынды жаштар уюмуна өткөрүп берүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү III/III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ача-Кайынды айыл аймагындагы Б.Курманакунов атындагы тренажордук залдын инвентарлары жалпы 672,3 (алты жүз жетимиш эки мин үч жүз сомдук баалуулуктар Ача-Кайынды айылдык жаштар уюмунун төрагасы Жумалиев Адилетке милдеттендирилип өткөрүлүп берилсин жана Ача-Кайынды айыл өкмөтү менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.
2. Тренажордук залга күнүгө машыгууга келген айыл тургундарына төмөндөгүдөй баада акы алуу жагы бекитилсин;
–Мектеп окуучуларына айына 200(эки жүз)сом;
-18жаштан 45 жашка чейинки айыл тургундарына айына 500(беш жүз)сом;
-Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айыл тургундарына айына 300(үч жүз)сом;
-Айылдан сырткаркы адамдарга айына 1000(мин)сом, бир күнгө 100(жүз) сом акы алуу;
-Түшкөн акча-каражаттын 25% айыл өкмөттүн бюджетине 75% тренажордук залдын ички пайдалануусуна калтырылсын.
3. Тренажордук залга келип-кетүү китепчесин уюштуруп бекиттирүү жагы Ача-Кайынды жаштар уюмунун төрагасы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрага: | А.Мурзалиев |