Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Терек айылдык кеңешинин XXII кезексиз сессиясы
2019-жылдын 18-январы № XXII/I
Республикалык бюджеттен алынган максаттуу трансферттерди пайдалануу үчүн кошумча смета ачтыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык Терек айылдык Кенешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Айыл ѳкмѳт кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары үчүн 30,0 миң сом, долбоорлордун документтик иш кагаздарын бүткѳрүүгѳ 110,0 миң сом, компьютердик каражаттарды алуу үчүн 60,0 миң сом жумшалып тѳмѳндѳгүдѳй беренелерге жумшалсын.
2211- берене - 30,0 миң сом
2215- берене - 110,0 миң сом
3112- берене - 60,0 миң сом
Баары - 200,0 миң сом
2. Кошумча смета ачып берүү райондук финансы бѳлүмүнѳн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл ѳкмѳт башчысы С.Мыктыбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрайымы: | Ж.Ажиева |