Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Терек айылдык кеңешинин XXIII кезексиз сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № XXIII/2
Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга киреше бѳлүгүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
2020-жылга Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 5722,9 миң сомго бекитилсин.
Миӊ сом менен.
Киреше:
Мазмуну | Берене | Сумма |
Жалпы түшө тур.салык. салык. эмес жыйым | 1719,4 | |
Киреше салык | 11111100 | 543 |
Ыктыярдуу патент | 11122200 | 30,0 |
Мүлккѳ салык | 11311200 | 0,7 |
Транспорт салык | 11312120 | 103,0 |
Айыл ч.багыт жер. Салык огород | 11321100 | 25 |
Айыл ч.багыт жер. салык | 11321200 | 290,3 |
Айыл ч.багыт эмес жер салык | 11321300 | 1 |
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн | 14151200 | 50,0 |
Аренда ФПЗ | 14152200 | 132,2 |
Муниц менчик. Тур. имар.арендасы | 14153200 | 2,4 |
Тазалык жыйым | 14224200 | 4,2 |
Атайын каражат | 1423 | 237,6 |
Жайыт комитети |
| 300,0 |
Тендештирилген грант |
| 4003,5 |
Жалпы: |
| 5722,9 |
2. Муниципалдык менчикте турган имараттын ижара акысы үчүн планга коюлган 2,4 миң сомду, имарат ижарага берилбегендиктен пландан кыскартуу Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын.
3. Айыл ѳкмѳтү дотацияда тургандыктан, 2020-жыл үчүн берилген теңдештирилген грант жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгү менен айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы мектеп, бала бакча жана башка бюджеттик мекемелерди коммуналдык жактан тейлѳѳгѳ жетип, ушул мекемелердин башка чыгымдарын каржылоого акча каражаты жетпей калгандыктан кошумча акча каражаты Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын.
4. Жайыт комитетинин планына 42,8 миң сом ашык коюлуп калгандыктан киреше бѳлүгүнѳн кыскартып берүү жагы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы айыл ѳкмѳт башчысы С.Мыктыбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрайымы: | Ж.Ажиева |