Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Терек айылдык кеңешинин XXIII кезексиз сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № XXIII/4
Терек айыл аймагындагы короо-жай алдындагы жер салыктарына ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, депутаттардын Терек айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Айыл аймактагы короо-жай ээлеринин кѳбүнчѳсү курагы боюнча пенсияга чыккандыгына байланыштуу планга берилген 25,0 сом 23,0 сом болуп планга ѳзгѳртүү киргизилсин.
2. Планды ѳзгѳртүп берүү жагы Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынан жана финансы министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл ѳкмѳт башчысы С.Мыктыбековго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын
Төрайымы: | Ж.Ажиева |