Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Терек айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын XXIV сессиясы
2020-жылдын 4-февралы № XXIV-7
Терек айылындагы тарыхый мурастарды жана эстеликтерди эсепке алуу жана коргоону камсыз кылуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 26.07.1999-жылдагы “Тарыхый мурастарды коргоо жана пайдалануу жѳнүндѳ” №91 мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” №101 мыйзамынын 47-беренесинин 1-пункттунун 3-пунктчасына ылайык, Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Терек айылындагы “Бүргѳ баатырдын” күмбѳзү, Социалисттик эмгектин баатырлары Касыбаев Алымбай, Модобасанов Калый жана Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Түкбашов Бакастын айкелдерин Терек айыл аймагынын учетуна алынсын.
2. “Бүргѳ баатырдын” күмбѳзүнүн аянты такталсын.
3. “Бүргѳ баатырдын” күмбѳзүнүн айланасында курулуш иштери жүргүзүлбѳсүн.
4. “Бүргѳ баатырдын” күмбѳзү, Социалисттик эмгектин баатырлары Касыбаев Алымбай, Модобасанов Калый жана Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Түкбашов Бакастын айкелдерин коргоого алуу, айланасын тосуу, табличка орнотуу, архоелогиялык эстеликтин укугун күбѳлѳндүүрүчү документтерин бүткѳрүүгѳ жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинен Терек айыл аймагындагы “Бүргѳ баатырдын” күмбѳзү, Социалисттик эмгектин баатырлары Касыбаев Алымбай, Модобасанов Калый жана Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Түкбашов Бакастын айкелдерин тарыхый мурас катары таануу максатында коргоого алуу сунушун киргизип берүү жагы суралсын.
6.“Бүргѳ баатырдын” күмбѳзү жана тарыхый инсандардын айкелдерин коргоого алуу, табличкаларды орнотуу, археологиялык эстеликтин укугун күбѳлѳндүрүүчү документтерин бүткѳрүү, пайдалануу иштерин жүргүзүү айыл ѳкмѳт башчысы С.Мыктыбековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрайымы: | Ж.Ажиева |