Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 31/3
Чолпон айыл өкмөтүнүн 2019-жылга аткарган иштеринин жыйынтыгы, 2020-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасы жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовдун 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” ичинде калктын социалдык-экономикалык өсүүсүндө аткарылган иштер боюнча отчетун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңешитоктом кылат:
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде калктын социалдык –экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жана айрым кемчиликтерди белгилөө менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2020 –жылга карата айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүү программасы бекитилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |