Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 31/10
Чолпон айылындагы эки бала бакчага оюн аянтча куруу боюнча өздүк салым үчүн, каражатты бөлүп берүү жөнүндө
АРИС айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы Чолпон айылындагы эки бала бакчага оюн аянтча куруу боюнча даярдалган чакан долбоор үчүн өздүк салымга каражат бөлдүрүү максатында айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик сатып алуу жана инвестиция боюнча адиси” Дүйшөнбек уулу Максаттын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылындагы эки бала бакчага оюн аянтча куруу боюнча 1380 000 сомдук чакан долбоорду ишке ашырыш үчүн өздүк салымга 51 750 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Өздүк салымдын бюджети бекитилсин жана конкурстан өткөндөн кийин сунушта көрсөтүлгөндөрдү техникалык жактан тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн чыгымдар каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Токтомушов |