Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 15-июлу ПЖ № 386
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кењештеринин
депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын
шайлоону дайындоо жөнүндө
Айрым жергиликтүү кењештердин депутаттарынын жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ыйгарым укуктары аяктаган-
дыгына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
1-статьясынын 6-пунктун, 46-статьясынын 6-пунктунун 4-пунктчасын жана
"Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө" Кодекстин 80-, 88-статьяла-
рын эске алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Исанов,
Көкбел айылдык кењештеринин, Алай районундагы Коњурдөбө, Кабыланкөл
айылдык кењештеринин, Карасуу районундагы Отузадыр, Сарыколот айылдык
кењештеринин депутаттарын шайлоо 2006-жылдын 17-сентябрына, жекшембиге
дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Ноокен районундагы
Ташбулак, Тогузторо районундагы Атай айыл өкмөттөрүндө жана Майлуусуу
шаарындагы Сарыбээ шаарча кењешинде; Ысыккөл облусунун Тоњ районундагы
Көкмойнок, Түп районундагы Михайловский айыл өкмөттөрүндө; Нарын облу-
сунун Акталаа районундагы Баетов, Терек, Жергетал, Жумгал районундагы
Жањыарык айыл өкмөттөрүндө, Нарын районундагы Достук шаарча кењешинде;
Ош облусунун Алай районундагы Кабыланкөл, Коњурдөбө, Араван районундагы
Керметоо, Карасуу районундагы Жањыарык айыл өкмөттөрүндө; Талас облусу-
нун Карабуура районундагы Маймак, Талас районундагы Арал айыл
өкмөттөрүндө; Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный, Жайыл ра-
йонундагы Сарыкоо, Красновосточный, Сокулук районундагы Фрунзе айыл
өкмөттөрүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоо
2006-жылдын 17-сентябрына, жекшембиге дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жогоруда аталган
органдарына шайлоолорду өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2006-жылга республикалык бюджетте шайлоолорду өткөрүүгө каралган
финансылык каражаттарды бөлүп берсин;
- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын
камсыз кылсын.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары шайлоо комиссияларын шайлоо-
чулардын сапаттуу тизмелери менен камсыз кылсын жана аларга шайлоолорду
даярдоодогу жана өткөрүүдөгү уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана
башка маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
6. Ушул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана
мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев