Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 31/11
Эпкин айлына бала бакча куруу боюнча ири долбоорго өздүк салым үчүн каражатты бөлүп берүү жөнүндө
АРИС Үчүнчү Айылды инвестициялоо долбоорунун алкагындагы ири долбоор Эпкин айылына бала бакча куруу максатында өздүк салымга каражат бөлдүрүү үчүн айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик сатып алуу жана инвестиция боюнча адиси” Дүйшөнбек уулу Максаттын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылыт:
1. Эпкин айылынын бала бакчасын куруу боюнча ири долбоордун жалпы суммасы 20 700 000 сомдун өздүк салымына 776 250 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Өздүк салымдын бюджети бекитилсин жана конкурстан өткөндөн кийин сунушта көрсөтүлгөндөрдү техникалык жактан тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн чыгымдар каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Токтомушов |