Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXII сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 31/3
Кочкор райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2020-жылдын 30-январындагы №04-1-45-20 катын жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июлундагы “Коомдук саламаттык сактоо” жөнүндөгү № 248 мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүндө санитардык-эпидемологиялык бейгамдыкты камсыз кылуу жана айылдардын санитардык маданиятын жогорулатуу максатында айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Боогачиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Элге кызмат көрсөткөн соода түйүндөрүнүн түрүнө карабастан жаз-жай айларына карата ремонт иштерин жүргүзүүнү жана таштандыларды таштоого урна орнотуу ар бир соодо түйүн ээлерине милдеттендирилсин.
2. Айылдык санитардык маданиятты жакшыртуу максатында жалпы айыл ичин тазартуу жумуштарды өз убагында сапаттуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго милдеттенирилсин.
3. Айыл өкмөтү боюнча жалпы таштандыларды төгүүчү жайдын тегерегин тосуу
айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттенирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |