Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы
2020-жылдын 26-марты № 33/2
Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында малчылардын көчүп- конуу мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Жайыт пайдалануу бирикмесинин башчысы У.Өмүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көчүп конуу мөөнөттөрү:
–Ортоңкү жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрү 20-апрелден 1- майга чейин;
–Ыраакы жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөтү 1-июндан 10-июнга чейин;
–1-октябрдан ыраакы жайыттардан ички жайыттарга көчүп түшүү мөөнөтү белгиленсин.
2. Малчылардын малга алган акысы:
-бодого 350сом;
-майда жандыктарга (кой, эчки) 35 сом;
-музоо, кулунга 150 сом дон болуп бекитилсин.
3. Малчыларга жайыт билеттерин, келишимдерин даярдап берүү жагы жайыт пайдалануу бирикмесине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Карбозовго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |