Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы
2020-жылдын 26-марты № 33/4
2019-жылдагы бош калган каражаттан коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында акча каражатын бөлүү жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча Дүйнө жүзүндө тарап жаткан коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында төмөндө көрсөтүлгөн акча каражаттары дизинфекциялык каражаттарды, коргоочу кийимдерди саламаттыкты сактоо кызматкерлерине алып берүү жана пайдалануу боюнча мурда каралып бөлүнүп калган каражаттан 180000-00 сом бөлүп берүү максатында айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы эсепчи А.Усубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде пайдаланылбай калган каражаттан 180000-00 сом төмөндөгү тартипте жумшалсын:
Бөлүм | Берене | Аталышы | Каралган сумма | Короно-вируска |
70111 | 2215 | Афган согушунун ардагерлерине | 10,0 | - |
70111 | 2215 | Жеңиш күнүнө | 5,0 | 5,0 |
70111 | 2215 | Баткен коогалаңынын ардагерлерине | 3,0 | 3,0 |
70111 | 2215 | Газетага жазылууга | 20,0 | 0 |
70111 | 2215 | Энелер күнүнө | 15,0 | 15,0 |
70111 | 2215 | Эл каттоого | 20,0 | 0 |
70111 | 2215 | Мугалимдер күнүнө | 10,0 | 10,0 |
70111 | 2215 | Медицина кызматкерлеринин күнүнө | 5,0 | 5,0 |
70111 | 2215 | Карылар күнүнө | 10,0 | 5,0 |
70111 | 2215 | Электорндук кол бекитүүгө | 3,0 | 0 |
70111 | 2215 | Апрель коогалаңынын катышуучуларына | 2,0 | 2,0 |
70111 | 2215 | Спортсмендерге колдоо көрсөтүү | 10,0 | 10,0 |
70111 | 2215 | Жаратылышты пайдаланууга | 24,0 | 0 |
70111 | 2215 | Көчө жарыктарга тех.шарт алууга | 100,0 | 50,0 |
70111 | 3111 | Туз айылындагы кичи футбол аянтка өздүк салым | 210,0 | 0 |
70111 | 2211 | Сапар чыгымга | 100,0 | 0 |
70111 | 2214 | Кызматтык унаанын чыгымы | 110,0 | 0 |
70111 | 2212 | Интернет байланышка (бирдик жуктөөгө) | 30,0 | 0 |
70111 | 2222 | Кеңсе товарларына | 40,0 | 0 |
70111 | 2215 | Компьютерлерге антивирус койдуруу, картриждерди боекко толтуруу(заправкалоого) | 10,0 | 0 |
70111 | 2215 | Ар кандай чыгымга | 11,9 | 0 |
70111 | 2222 | Жайыттын чыгымы карагай, зым алууга Бимге | 70,0 | 0 |
70111 | 2222 | Асбец-бетон трубаларды алуу көпүрөгө | 75,0 | 75,0 |
70911 | 2222 | Ак-Чий орто мектебинин эшигин алмаштыруу | 20,0 | 0 |
|
| Баары: | 913,9 | 180,0 |
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |