Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 11-майи № 34/2
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат ордун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомдору боюнча Чолпон айылдык кеңешинин төрагасы Т. Токтомушовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешине жооптуу катчы кызмат оруну бекитилсин.
2. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын айлык акысын, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Кочкор райондук Каржы бөлүмү менен макулдашып, бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчи А.Усубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Токтомушов |