Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 11-майи № 34/4
“Нур-Чолпон” бала бакчасына эмерек алууга акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Эпкин айылынын ИСКАКБ Корумду таза суусунун резеруварын оңдоо иштерине бөлүнгөн, пайдаланылбай калган акча каражатынан Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчасына эмерек алууга акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө төрага Т. Токтомушовдун билдүүрүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эпкин айылынын ИСКАКБ Корумду таза суусунун резеруварын оңдоо иштерине бөлүнгөн 99 400 (токсон тогуз миң төрт жүз) сом акча каражатынан пайдаланылбай калган 42 000 (кырк эки миң) сом акча каражатын, жаңы ачылган “Нур-Чолпон” бала бакчасына эмерек (балдар уктоочу керебет) сатып алууга бөлүнүп берилсин.
2. Мыйзам чегинде керектелүүчү акча каражатын бөлдүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнөн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы-эсепчи А. Усубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |