Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXV сессиясы
2020-жылдын 12-июну № 35/2
“Абердин –Ангус” асыл тукум буканынын ордун тургузуу жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине караштуу “Абердин-Ангус” асыл тукум бука ооруп өлгөндүгүнө байланыштуу кайра ордун тургузуу жана аны айыл өкмөтүнүн балансасына алуу боюнча Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы У.Өмурбековдун билдүүрүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши токтом кылат:
1. “Абердин-Ангус” асыл тукум буканын өлгөндүгү тууралуу 18.02.2020 актынын негизинде аныкталып, жайыт комитетинин жоопкерчилигинен чыгышталсын.
2. Букаларды багуудагы кыйынчылыктарды эске алуу менен чоң букаларды алмаштырып келүүдөгү айырмасын У.Өмурбековдун өздүк жарым “Абердин Ангус” асыл тукум букасы менен тургузуп, жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүлүп берилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |