Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXV сессиясы
2020-жылдын 12-июну № 35/3
Эски “Чолпон” каналын тазалоого каражат бөлүү жөнүндө
Эски “Чолпон” айылынын тургундарынын айдоо жана огород аянттарын суугарууда Чолпон каналын трактор менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө күйүүчү (дизелдик) май үчүн атайын каражаттар бөлүмүнөн акча бөлүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап , Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши токтом кылат:
1. Эски “Чолпон” каналын тазалоо иштерин жүргүзүүдө тракторго май сатып
алуу үчүн 7400 (жети миң төрт жүз) сом акча каражаты ар кандай чыгымдар эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |