Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXV сессиясы
2020-жылдын 12-июну № 35/4
“Синогидро корпорейшиейн лимитед” коомдук бирикмеси менен келишим түзүү жөнүндө
Кочкор –Эпкин альтернативалык автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу максатында Чолпон айыл өкмөтүнүн Ак-Бел участогундагы 4,5 га жер аянтын жумушчулар жана техникалар туруучу убактылуу лагерь уюштуруп жайгаштырууга эки тараптуу келишим түзүү үчүн ЖПБ төрагасы У.Өмүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кочкор –Эпкин альтернативалык автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун
ишке ашыруу максатында Ак-Бел участогунан 4,5га жер аянты эки жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берилип, эки тараптуу келишим 3 нускада түзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |